Menu
Эл-Сөздүк

Суу пайдалануу

СУУ ПАЙДАЛАНУУ – суу ресурстарын пайдалануунун аркыл тариздерин жөнгө салуучу суу укугундагы негизги институттардын бири. КР суу мыйзамдарында С. п-нун үч түрү айырмаланат: узак мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү жана чектелүү (суу сервитуту ). С. п. максаттуу белгилери боюнча чарбалык (өнөржайлык, унаалык, ирригациялык ж. б.), жаратылышты коргоочу, рекреациялык, илимий, өзгөчө кырдаалдагы жана башка болуп айырмаланат. КР суу мыйзамдарында жалпы эреже катары ал үчүн акы төлөө принциби белгиленген.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: